Шахнази Айбекова самбо боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди

26-июнда Саханын Якутск шаарында өтүп жаткан «Азия балдары- 2024» эл аралык спорт оюндарында кыргызстандык Шахнази Айбекова самбо боюнча күмүш медаль утту.

Спорт департаментинин маалыматына ылайык, ал 41 килограмм салмакта күч сынашты. Алгач монголиялык атаандашын утуп, жарым финалда якутиялык спортчуну 4:0 эсебинде жеңди. Финалда өзбекстандык атаандашына 2:0 эсебинде жеңилди.

«Азия балдары» спорт оюндарына 25 өлкөдөн барган 3 миңден ашык катышуучу спорттун 24 түрүнөн күч сынашууда. Кыргызстандан сомбо боюнча тогуз спортчу барган. 26-июнда башталган мелдеш 7-июлда аяктайт.