Бооруна операция жасаткан эки бейтап үйүнө чыгарылды

Саламаттык сактоо министрлиги боор алмаштыруу операциясын жасаткан эки бейтап текшерүүдөн соң үйүнө чыгарылганын кабарлады.

«Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз», — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Өлкөдө алгачкы жолу боор алмаштыруу операциясы 10-июнда жасалган. 9 саатка созулган операцияга министр баштаган кыргыз жана түрк дарыгерлери катышкан.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 17 миң адамдын боору ооруйт. Органдарды трансплантациялоо программасына Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн.

Өткөн жылы өлкөдө алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу опреациясы ийгиликтүү аяктаган. Бүгүнкү күндө 55 киши бөйрөгүнөн операция болсо, анын 15и бекер жасаткан.