УКМК: Эл аралык баңгизат каналын уюштурууга шектелип үч киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт.

10-июлда УКМКдан Ош облусунда Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңгизат каналын уюштурууга шектелип үч киши кармалганын билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 64 жаштагы шектүү баңгизатын Ошко жана Өзбекстанга сатуу максатында Тажикстандан алып келүүнү пландаган. Ал эми мурда «баңгизатын сатуу менен» соттолгон 63 жаштагы шериги Кыргызстанга кирген баңгизаттарды өлкөдө сатууга жана Өзбекстанга ташууга даярдап турган. Мындан сырткары 8-июнда аны сатып алууга шектелген жаран да кармалды.

Ошондой эле алардан жалпы 7,7 килограмм баңгизаты табылган. Шектүүлөр жасаган кылмышып моюнуна алганы айтылды.

Бул факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери уланууда.