Кара-Суу: Баш ийбеген айдоочуну тепкилеген тескөөчүгө карата ички иликтөө жүрүп жатат

Сүрөт: Интернетке тараган видеодон кадр.

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол тескөөчү баш ийбеген айдоочуну кууп барып кармап, аны тепкилеген. Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарып бараткан балага 20,5 миң сом айып пул салынып, кайгуул кызматкери унааны сүзүп, тепкилегени үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Маалыматты «Клоопко» Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июнда болгон.

Милициядан унааны 19 жаштагы бала айдап бара жатканын, патрулдук милиция кызматкерлери токтоткон учурда баш ийбей качып кеткенин билдиришти.

«Анын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталып, 15 миң сом жана баш ийбей, качып кеткени үчүн 5 миң 500 сом айып пул салынды», — деп билдиришти милициядан.