«Дүйнөлүк рынокко жол ачты». Минкабдын башчысы Садыр Жапаровду Петр I менен салыштырды

Парламенттин 20-июндагы жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун колдогону үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бул темир жолдун курулушу менен Кыргызстан «жолу туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланат».

«Бул маселе 1996-жылдан бери талкууланып, 1997-жылы биринчи макулдашууга кол коюлуп, ошондон бери чечилбей келе жаткан. Маселени чечүү бизге туш келиптир, биздин бактыбызга деп айтсак болот. Бул темир жолдун курулушу менен биз жолу туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз», — деди ал.

Жапаров парламенттин бул чакырылышы тарыхта «тарыхый долбоорлордун тагдырын чечкен жаратман парламент» деген ат менен калаарына ишенерин билдирди.

«Убагында Петр I Европага терезе ачты деп даңазалаган сыяктуу, дүйнөлүк рынокко кеңири жол ачкандар урматтуу Садыр Нургожоевичтин командасы, сиздер жана биз болдук деп эсептейбиз», — деди Жапаров.

Аткаминер Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын тышкы карызынын көбөйүшүнө алып келбей турганын кошумчалады.

Президентти буга чейин да Петр I менен салыштырып келишкен. Бул тууралуу алгач 2022-жылы минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айткан. Анын айтымында, келечекте кыргызстандыктар Жапаровго демилгелери үчүн ыраазычылык билдиришет, анткени «анын көрөгөчтүгү өлкөнүн өнүгүүсүнөн да алдыга кеткен».