Президент Шамбесайда алтын казылбай турганын билдирди

Садыр Жапаров бул тууралуу 20-июнда Кадамжай районунун тургундары менен жолукканда айтты.

«Мен “мыйзамдуу болсо, зыяны жок болсо казсаңар болот” деп айткам. Бирок мен өз көзүм менен көрдүм, болбойт экен. Ошондуктан бул маселеге чекит койдум. Эми бул теманы унуталы», — деди ал.

Шамбесай кени Кадамжай шаарынын чыгыш тарабында 70 километр алыста жайгашкан. Алтын кенине Кадамжай районунун 14 миңге жакын калкы бар Майдан айыл аймагы чектеш турат.

Тургундар алтын тоолордун ичинде өндүрүлүп жаткандыктан, ал жерден агып өткөн Исфайрам дарыясына зыяндуу заттар кошулуп кетет деп чочулап келишкен. Бул суудан пайдалангандардын саны 150 миңдей кишини түзсө, алардын 70 пайыздайы өзбекстандыктар болгон.

2020-жылдагы маалыматка ылайык, Шамбесайдагы алтындын кору 7,8 тоннаны түзгөн. Аны чалгындоо иштери 2006-жылы башталып, алтындын кени 2007-жылы табылган. Ал эми кенди иштетүү боюнча лицензия 2012-жылы алынган. Андан бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.