БШКнын депутаттары троллейбус линиялары алына баштаганынан улам прокуратурага кайрылышты

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы троллейбус линиялары алына баштаганынан улам прокуратурага кайрылышты. Алардын пикиринде, мэрия шаардык кеңеш уруксат бере электигине карабай демонтажды баштаган. Бул тууралуу фейсбук барагында фракция лидери Кадырбек Атамбаев жазды.

«Мындай аракеттер Жазык кодексинин “Бийликтен аша чабуу” деген 338-беренесине туура келерин эскертким келет. [...] Бул эл өкүлдөрүнүн пикирин эле эмес, коомдук талкуунун принциптерин да тоготпогондук», — деп жазды Атамбаев.

Ал электробустар Бишкек үчүн төрт эсе кымбатка түшөрүн жана аз кызмат кыларын айтат. Атамбаев окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянып, троллейбустар электробустардан арзан болот деп белгиледи.

«Европанын шаарлары жарандары үчүн экологиялык жана тыкан транспорт маанилүү экенин түшүнүп, троллейбустарды жапыр сатып алып жатышат, ал тургай коңшу Алматы рационалдык жагын карап троллейбустарга басым кылып жатат», — деп билдирди депутат.

Атамбаев троллейбус инфраструктурасын алууну буйрук берген киши ана кайра өз чөнтөгүнөн калыбына келтирип бериши керек деп эсептейт.

Мэрия 18-июнда троллейбус линияларын демонтаж кыла баштаган. Бул боюнча коомдук талкуулар 6-июнда башталган жана 6-июлга чейин созулушу керек болчу.