Кыргыз балбандары Польшадагы мелдеште эки алтын, бир күмүш жеңди

Жоламан Шаршенбеков Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турниринде грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал алгач Алжир, Польшанын спортчуларын, финалда украиналык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Ал эми Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев финалда кез келди. Бирок балбандар күрөшпөстөн, Бейшекеев жеңишти Исмаиловго ыйгарды.

Исмаилов финалга чейин алгач сербия, андан соң украиналык жана польшалык балбандарды жеңген.

Бейшекеев болсо биринчи раундда польшалык, кийин алжирлик спортчуну уткан.