Президенттин чечими: Бала бакчалардагы тамак-ашка мамлекет каражат бөлбөйт

Президент Садыр Жапаров бала бакчаларда балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер төлөшү керек деген норманы алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарды. Буга чейин Жогорку Кеңеш аны үч окууда кабыл алган.

Документте бала бакчалардагы балдардын тамак-ашынын 50%ын ата-энелер, ал эми калганын жергиликтүү бийлик төлөй турганы белгиленген.

Мындай жол менен үнөмдөлгөн акчага жаңы бала бакчалар курула турганын каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы мектепке чейинки балдарды тамактандырууга 800 миллион сом бөлүнгөн.

2023-жылдын ноябрында билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, мамлекет бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына акы төлөөнү токтотуп, бул жоопкерчилик толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлөрү белгилүү болгон. Маселе кеңири талкууга алынып, айрым депутаттар бул жобону жокко чыгарууну талап кылышкан.

Жооп катары минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов бул «социалдык адилеттүүлүк маселеси» деп билдирген. Ал «бала бакчага көбүнчө колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары барат жана мамлекет аларды өз эсебинен багууга милдеттүү эмес» деп эсептейт.