Кой-Таш окуясы: Алга Кылычев 10 жылга соттолду

21-июнда Аламүдүн райондук соту Алга Кылычевди 10 жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынды. Маалыматты соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Кылым Шамы» укук коргоо борборунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулованын айтымында, бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыкмак. Кылычевдин жактоочусу жок болгондуктан мамлекеттик адвокаттын катышуусунда сот чечими беш мүнөттүн ичинде чыккан.

«Соттон кийин Алгага тез жардам чакырылды. Ал кант оорусу менен жабыркайт. Эки жылдан бери боордун цирроз оорусуна чалдыккан эле. Чечим чыккандан кийин туугандары үйүнөн өмүрү үчүн өтө зарыл дарыларын алып келишти, бирок конвоирлер дарыларлы алдырбай коюшту», — деди Абдирасулова.

Ал «Адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги», «Мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун санкция албастан өзгөртүү» беренелери менен соттолду. 

Кылычев «Азаттыкка» Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлөнүп жатканын, бийлик бозгун президент Бакиевди актап, аны өлкөгө алып келгиси келерин билдирди.

«Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген "Альфа" атайын кызматынын өкүлдөрү да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок. Ошондуктан, саламаттыгыма, жашы жете элек алты балам бар экенине карабай мени камап атышат», — деди Кылычев.

2019-жылы Алга Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, жарым жыл тергөө абагында отуруп чыккан. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү.