Аксы: Шаардык кеңештин депутаты бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган делип кармалды

Шектүү. Сүрөт: УКМК.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты «массалык башаламандык уюштурууга» жана «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» шектелип кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, ал фейсбукта мезгил-мезгили менен чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен кулатууга чакырыктарды жарыялаган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.