Бишкек: 12-кичирайондон «Манас» аэропортуна бат-баттан атайын автобус каттай баштады

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы.

Бишкек шаардык мэриядан №153 экспресс-автобустардын аралыгы 10-12 мүнөттү түзөрүн билдиришти. Узундугу 12 метр, үч эшиктүү Isuzu автобустарынан жалпы 17 автобус тейлейт.

Маалыматка ылайык, автобуста кондиционер жана накталай эмес төлөм жүргүзүүчү жабдуулар бар. Накталай төлөөдө жол кире 140, ал эми накталай эмес төлөөдө 122 сомду түзөт.

«Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт», — деп билдиришти мэриядан.