УКМК: Бийлик басып алууга шектелгенлер 31-августта массалык башаламандык уюштурмак

УКМК бийликти басып алууга даярдык көрүүгө байланышкан иштин чоо-жайы боюнча маалымат берди. Атайын кызмат 5-июлда кармалган беш киши 31-августта Бишкекке жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, «анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында»  спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан.

«Иш-чарага элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган. Андан соң, алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкек шаарына алып барышып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн», — дейт УКМК.

Атайын кызмат адамдардын бул тобу өлкө жетекчилигине да кол салууну көздөшкөнүн билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар буга үстүбүздөгү жылдын башынан бери даярдык көрүп, деструктивдүү маанайдагы жаштарды мобилизациялоо үчүн «Смотрящийлер» делген адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды сатып алышкан.

Алсак, кармалгандардан 70 даана оку атуучу курал, 255 миңден ашык ок-дары, колго жасалган жардыруучу заттар, рациялар жана эки дрон табылган. Акыркыларын, атайын кызмат билдиргендей, ууландыруучу заттарды чачуу үчүн колдонууну пландашкан. Мындан тышкары, кармалгандардан 38 бронежилет, укук коргоо орган кызматкерлери кийген баш кийимдер жана 200 комплект форма алынган. 

Ошондой эле УКМК кармалгандардын үйүн тинтүүдө бир катар жарандардын документтери, анын ичинде ЖК депутаты Марлен Маматалиевдин аскердик билети табылганын билдирген.

Маматалиев өзү дароо аларга эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Ал 2020-жылдагы башаламандыкта парламенттеги иш бөлмөсүнөн аскердик билети уурдалганын билдирген.