Ысык-Көл: Жайлоого чагылган түшүп, 250 кой кырылды

Сүрөт: ӨКМ.

Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылында 250 койго чагылган тийип өлдү.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык 7-июль саат 17:00 чамасында Жазы-Кечүү жайлоосунда болгон.

Министрликтен өлкөдө 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлөм жамгыр жаап, аба ырайы туруксуз болорун эскертишти.

12-июнда Бишкектеги «Аккула» ат майданында 15 жашар өспүрүмгө чагылган тийип каза болгон.