Бишкекте өспүрүмдүн инсульт алуусуна себепчи болгон милиционер кармалды. Ал андан акча опузалаган 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери өспүрүмдү электрондук тамеки чеккени үчүн административдик жоопкерчиликке тартам деп коркуткан. Андан кийин күзөт кызматкери андан акча талап кылып, банкоматтан акча чечтирип алган.

«Кысымдын кесепетинен жашы жете элек С.Ю. окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, "геморрагиялык инсульт" диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми, милиция кызматкери оор абалда жаткан өспүрүм баланы окуя болгон жерге калтырып, изин жашырып качып кеткен», — деп билдирди Башпрокуратура.

Бул факт боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коркунучта калтыруу» беренелри менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.