Чуңкурчактагы бийиктиктен секирген кишинин өлүмү: Шектүү үй камагына чыкты

Чуңкурчак капчыгайында аскадан секирүү учурунда каза болгон 39 жаштагы киши өлүмүнө байланыштуу кармалган шектүү үй камагына чыкты. Өкүмдү Аламүдүн райондук соту 8-июлда чыгарды.

«Шектүү анча оор эмес кылмыш боюнча айыпталып жаткандыктан, мурда соттолбогону, туруктуу жашаган жери бар экени, аты-жөнүнүн аныкталганы, үй-бүлөлүк абалы, мурда тергөөдөн жашырынбаганын эске алуу менен үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды», — дешти соттон.

Окуя 6-июлда Бишкектин четиндеги Fly Jump комлексинде болгон. Анда эс алуучу 25 метр бийиктен секиргенде аркан үзүлүп кеткен.

Шектүү катары аталган эс алуу жайынын 28 жаштагы ээси кармалган. Ага карата «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренеси менен айып тагылган.