Балдар мектепке 6 жаштан барып, 12 жыл окуйт. Талкуу жараткан жаңы окуу системасы эмне жөнүндө?

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан тартып 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү көздөп жатат. Соцтармактын колдонуучулары маселени кызуу талкууга алып, демилгени сынга алгандар менен колдогондор да арбын. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан тартып коомчулукка сунушталып жаткан «Алтын казык» мамлекеттик программасы тууралуу айтып беребиз.  

«Алтын казык» мамлекеттик программасы

Мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын казык» мамлекеттик программасынын бет ачары быйыл жазда болгон

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров программада «адам капиталына инвестиция салуу боюнча жакынкы 10 жылга эң амбициялуу максаттар коюлганын» белгилеген

Программанын өзөгүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү түзөт, ага ылайык 150 өлкөнүн билим берүү рыногуна жол ачылат. Андан тышкары: 

  • 2024-жылы бала бакча менен камсыз болууну 40%га жеткирүү;
  • мектеп окуучуларына дүйнөлүк стандартка ылайык окуу китептерин жеткирүү;
  • дүйнөлүк алдыңкы технологияларды жайылтуу; 
  • билим берүүнү башкаруу процессин санариптештирүү; 
  • санарип аттестат, санарип диплом; 
  • окуучуларды компьютер менен толук камсыздоо чаралары камтылган. 

«Биздин башкы максатыбыз — ички жана тышкы эмгек рыногунда өзүнүн билимин, көндүмдөрүн пайдаланып, кырдаалдан чыга турган балдарды даярдоо», — деген министр программаны тааныштырып жатып.   

«12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы»

23-июнда жарыяланган бул концепцияда балдар мектепке 6 жаштан барып, жаңы түзүлгөн окуу программасы менен билим алышары жазылган.  

Ал эми 10-12 класстарда кесипке карай багыт берилип, адистик алып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 

Концепцияда белгиленгендей, сунушталып жаткан система дүйнөдө кеңири таралган 6+3+3 модели боюнча түзүлгөн. Анда 1-6-класска чейин башталгыч, 7-9-класска чейин негизги, 10-12-класска чейин жалпы орто билим берилет.

Жаңы системага ылайык, башталгыч класстын окуучулары коомго аралашып, окуу, санариптик, тил көндүмдөрү өрчүтүлүп, окуучулардын билим деңгээли теңделет. Дүйнөлүк практиканы эске алуу менен, балдарды социалдаштырууга жана функционалдык жөндөмдөрүн калыптандырууга басым жасалат. Башкача айтканда, PISAнын алкагында текшериле турган көндүмдөрү өнүктүрүлөт.  

PISA- эл аралык билим берүү системасынын баалоо программасы.

Ал эми 7-9-класстарда окуучулардын негизги көндүмдөрү өнүктүрүлөт жана STEM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика) билим берүүнүн негиздери менен сабактар өтүлөт. Жарандык компетенттүүлүктүн негиздери, жеке сапаттарды өнүктүрүү боюнча сабактар окутулат, профилге чейинки багыт берилет. Тилдер үйрөтүлөт.

10-12-класстарда окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, тереңдетилген профилдик сабактар берилет. Окуучулардын тандоосуна жараша жогорку жана кесиптик окуу жайлар менен макулдашылып, практикалык багыттагы сабактар өтүлөт. Түзүлгөн программага ылайык, окуучуларды 11 кесипке үйрөтүү каралган. 

12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыгы барбы?  

Министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, 12 жылдык окууга өтүү дегенде, айрымдар жаңылып жаткандай бир жыл кошулбайт. Болгону «нөлүнчү класс» бир деп саналып, балдар азыркы эле жаш курагында мектепти аякташат. 

«Азыр 1-класска ар кандай даярдыктагы балдар келүүдө. Айрымдары бала бакчадан окуганды, жазганды үйрөнүп келсе, андай базалык даярдыгы жок, эчтеке билбей келгендери да бар. Ошондон улам кийин сабактарга жетишүүдө айрымачылыктар жаралууда. 12 жылдык окутуу мына ушул көйгөйдү эске алган», — дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров эгерде концепцияда жазылгандай өзгөрүүлөр болсо, Кыргызстанда билимдин сапаты жакшырып, эл аралык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деген пикирде. 

Ошол эле учурда, Сайназаров мугалимдерди «окуу программасынын туткуну» кылбай, аларды өздөрүнүн чеберчилигине жараша өзгөртүүгө эркиндик берүү керек деп эсептейт. 

Сайназаровдун пикиринде, менчик мектептерди өнүгүү борборлору катары алып, алардын тегерегине 10-15тей жөнөкөй мектептерди кошуп, ошолорго кол кабыш кыла тургандай система керек. 

«Сапат десе эле биз элиталык жакшы окуган окуучуларга көңүл буруп келебиз. Коомдун талылуу делген катмарынан чыккан балдар канчалык деңгээлде мектепке тартылып, билим деңгээли канчалык өсүп жатат? Ошону карасак жакшы болот эле. Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия камсыздаган мектептердин баарын шаарларга жайгаштырбай, көбүнчө кыштак, айыл жерлерине багыттаса жакшы болмок», — дейт ал.  

Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтыбек Досмуратов болсо 12 жылдык билим берүү чет өлкөдөн билим алууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү экенин айтат.  

«Чет өлкөлүк окуу жайлар 12 жылдык билимди талап кылат. Кыргызстандык абитуриеттер ал жакта кошумча жыл окуп, бир жылын уттуруп келген», — дейт ал.  

Кыргызстандын билим берүү системасы буга даярбы?

Ал эми «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгесинин төрагасы Абдувахап Нурбаевдин айтмында, Кыргызстандын билим берүү системасы 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эмес. Бул системага өтүү үчүн эки жыл аздык кылат. 

«Бул жерде даярдык маселеси бар да. 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз дегени менен мамлекеттин окуу стандарты, программалары, китептери, класстар даяр эмес. [..] Ошто, Бишкектеги мектептерде бир класста 50-60 окуучу окуйт. Дагы бир жыл эмне болот, каякка батат, ошого даяр болуп анан өтүш керек. Бизден бюджети чоң Казакстан 10 жылдан бери даярданып, өтө албай жатат», — дейт Нурбаев. 

Экс-депутат, бул үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп, эл жыш жайгашкан жерлерге жаңы имараттарды куруп, мугалимдерди даярдаган соң гана өтсө болот деген пикирде. 

«Эки жылда өтөөрүнө менин көзүм жетпейт», — дейт ал.  

Окуу методикалык комплекси менен камсыздоо 

Концепцияда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен 12 жылдык мектептин бардык баскычтары үчүн мамлекеттик стандарттарды жана программаларды кайра карап чыгып, кабыл алуу керектиги айтылат. 

Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева «Кактус Медиага» министрлик Сингапурдун Marshall Cavendish компаниясынан Кембридж стандарттарына негизделген окуу китептерин сатып алганын билдирди. 

Алар боюнча 1-9-класстарда илимий сабактар: физика, химия, биология бир окуу китебинде бириктирилген жана бир предмет катары окутулат. Ушул эле сабактар 10-11-12 класстарда өз-өзүнчө сабак катары тереңдетилип окутулат

12 жылдык окуу системасын камсыздоо үчүн канча каражат керектелет?

Концепциянын токтом долбоорунун негиздеме-маалымкатында долбоорду ишке ашыруу үчүн 2025-2028-жылдар үчүн мамлекеттик бюджеттен жалпы 25,8 млрд. сом талап кылынары пландалганы айтылат:

-2025-жылга 7, 1 млрд. сом; 

-2026-жылга 7,5 млрд. сом;

-2027-жылга 5,6 млрд. сом; 

-2028-жылга 5,6 млрд. сом;

12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн 8,7 миллиард сомго 17,4 миллион окуу китебин (1 окуучуга 12 окуу китеби) 100 пайыз алмаштыруу керек.

2025-2027-жылдарга 83 миң мугалимдин жана 7,3 миң директордун жана орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоону уюштуруу зарыл. Болжолдуу чыгымдар 414,6 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Бул системага өтүүдө 6 жаштагы балдарды 100 пайыз камтуу үчүн долбоордук кубаттуулугу 500 окуучулук орун болгон кошумча 168 мектеп, башталгыч класстарда ысык тамак берүү маселелерин чечүү талап кылынат.

Мектептердин ашыкча толуп кетүүсү, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле 2-3 кезек менен иштеп жаткан райондук борборлордогу мектептердин ашыкча толуп кетүү коркунучу бар. 

Концепцияда мектептер ар бир облус жана район боюнча 3 жылдык демографиялык божомолдорду эске алуу менен картага түшүрүлүп, алынган маалыматтардын негизинде каржылоо булактарын көрсөтүү менен жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды куруу планы иштелип чыгары айтылат.

1-класстарды жабдуу үчүн 6800 класс комплект эмерек жана 5 568 жогорку класс үчүн окуу жабдуулары менен камсыз кылуу керектелет. 

Окуучуларды компьютерлер менен, ал эми мугалимдерди электрондук материалдардын жеткиликтүү болушу жана колдонуу үчүн планшеттер, ноутбуктар менен камсыз кылуу керек болот.