Нарын: Украинадагы согушка катышкан деп соттолгон тургун эркиндикке чыкты

«Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн катарында Украинадагы согушка катышууга шектелип беш жылга соттолгон тургун ырайым менен эркиндикке чыкты.

Нарын облустук сотунан президенттин 31-январдагы «Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндөгү» жарлыгына ылайык, шектүүнүн беш жылдык жаза мөөтөнү төрт жыл эки айга кыскартылганын белгилешти.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, айыптулуучунун аты-жөнү — Бекназар Бөрүгул уулу. Ал былтыр октябрда «Кыргызстандын жаранынын чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалга же согуш аракеттерге катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси менен беш жылга кесилген.

Украинадагы согушка катышкан делип буга чейин бир нече кыргызстандык соттолгон. Жакында эле Араван районунун тургуну беш жылга кесилип, мунапыс менен жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылганы кабарланды.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.