Талас: 50 гектар эгин талаасы мөндүр аралаш жамгырда калды

24-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунда мөндүр аралаш жамгыр жаап, Күмүштак айыл аймагандагы Кыргызстан, Жон-Коргон, 1-Май айылдарындагы болжол менен 50 гектар эгин талаасы зыянга учурады.

Облустук администрациядан азыркы тапта келтирилген чыгымдын өлчөмү эсептелип, кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Мындан тышкары Боо-Терек айылында каттуу шамал болжол менен 15 үйдүн чатырын учуруп кеткени кабарланды.

24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда селден беш жашар бала каза таап, миңге жакын тургун эвакуацияланган.

ӨКМден катуу жамгырга байланыштуу тоолуу аймактарда дагы эле сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертишти.