Ош: Мэрдин мурдагы жардамчысы 30-июлга чейин абакта калтырылды

20-июнда Ош облустук соту Оштун мэринин мурдагы жардамчысынын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун аны 30-июлга чейин камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 25-июнда Ош облустук соттон тастыкташты.

«Ош шаардык сотунун үстүбүздөгү жылдын 1-июндагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан келтирилген өтүнүч канааттандырылган. Айыпталуучуга “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча айып тагылып, бөгөт коюу чарасынын 30-июлга чейин камак түрү тандалган. Ош облустук сотунун 20-июндагы аныктамасынын негизинде шаардык соттун токтому күчүндө калтырылды», — деп билдиришти облустук соттон.

13-июнда УКМКдан Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы ишкерлерден акча алып жүрүүгө шектелип кармалганын кабарлашкан. Айыпталуучуга «Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

Атайын кызмат берген «А.К.С.» деген инициал Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбековдун аты-жөнүнө туура келет.