28-июнда нөшөрлөп жааган жаандан Ноокаттын Абшыр-Ата аймагында сел жүрүп, кеминде 10 адамдын өмүрүн алды. Тургундардын үйлөрү жабыркады. Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров «кырсыктын алдын алса болмок»  деп айтып, жергиликтүү бийликти «жетиштүү аракет кылган эмес» деп айыптады

«Клооп» ӨКМ, жергиликтүү бийлик жана эколог менен маектешип, селдин алдын алууга болот беле деген суроо узатты. Ошондой эле селдин келип чыгуу себеби, анын кесепеттери жана кантип алдын алуу боюнча маалымат топтоду. 

«Чынында арыктарыбыз даяр эмес болчу» 

Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоев «Клоопко» селдин алдын алууга мүмкүндүк болгонун моюндады. Анын айтымында, кырсыктын себептеринин бири — арыктардын тазаланбай калганы. 

«Чынында арыктарыбыз даяр эмес болчу, кээ бир арыктар тазаланбай калган. Муну моюнга алышыбыз керек. Мына ошолордун кесепети менен биз чыгымга дуушар болуп калдык. Кээ бир жерлерге мыйзамсыз бак-дарактар тигилип калган. Булардын баары каналдарга өтүп жаткан сууларга тоскоол болду», — дейт аким.

Ошого карабай аким сел жана табият кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлгөн дейт. Анын сөзүндө, бардык айыл өкмөттөргө каражат бөлүнгөн. 

«Кырсыктардын алдын алуу боюнча ар бир айыл өкмөт мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнүн бюджетинен акча бөлөт. Муну айылдык кеңештин сессиясында карашат. Кырсык учурунда ошол бөлүнгөн акчаны пайдаланышат. Жетеби-жетпейби кырсык учурунда билинет», — дейт ал. 

«Тоолорго дамба кура албайбыз» 

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов «Клоопко» Ноокаттагы кырсыкта сел суулары жайлоодон түшкөнүн – андай аймакка дамба же канал курууга мүмкүн эместигин айтты.

«Алдын алуу иштери боюнча айылдарда сел арыктарды, сел сайларды казып, көпүрө, дамбаларды куруп, транспорт министрлигине көпүрөңөрдү оңдогула деп эскертүү беребиз. Сайларды, каналдарды тазалайбыз. Ал эми бул сел жайлоодон түшкөн. Тоодо эл жок, жайлоого чыккандар, жалаң эс алууга чыккандар да. Ал жакта айыл статусу жок. Андыктан ал жакка дамба курууга да мүмкүн эмес [...] Курган күндө деле ал кайра кооптуу болуп калат. Кокус жарылып кетсе алдыдагы айылдарды жеп кетет», — деди ал.

«Клооптун» журналисти селдин кесепеттерин жоюуда тик учак максатына жараша колдонулдубу же соцтармактагы сынды басуу аракети болдубу деп сурады. Кулматовдун айтымында, атайын тапшырма боюнча өзү кесиптеши менен тик учакта учуп келген. Андан соң салмагы оор, ден соолугу начар адамдар, карыялар жана жаш балдар ташылган. Министрдин орун басары тик учак менен 4 каттамда жалпысынан 21 адам куткарылды дейт.

Сел кооптуулугу боюнча эскертүүлөр берилип турат

Кулматов ӨКМде сел жүрүү кооптуулугу бар аймактардын тизмеси бар экенин, ага ылайык жарандарга эскертүүлөр жиберилип турарын белгиледи. Анткен менен ал жамгыр божомолдогондон 3-4 эсе көп жаап жатканын айтат.

«Аба ырайы боюнча эскертүүлөрдү берип турганбыз. 24-25-июндан баштап, ушул өрөөндөрдө жамгыр жаайт, тоо этектеринде сел жүрөт деп айтып келгенбиз да. Билдирүү таратылган. Минкабдан баштап, министрликтерге, губернатор, аким, айыл өкмөттөргө чейин гидромет кат түрүндө эскертме берет», — деди ал. 

Райондун акими Жакыпбек Субагожоев учурда ким канчалык зыян тартканын эсептөө үчүн мамкомиссия түзүлгөнүн билдирди. 

«Жыйынтыгы чыккандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш кылабыз. Анан мыйзам чегинде жардам көрсөтөт. Ага чейин атуулдардан, жеке ишкерлерден, Казакстандан, Өзбекстандан жардам келди. Алардын баарын комиссиянын негизинде жабыр тарткан үйлөргө бөлүп берип жатабыз», — деди аким

«Жайыттар талкаланып бүттү» 

Эколог Абдижапар Аккуловдун сөзүндө, көйгөйдүн келип чыгуу себептери кыйла масштабдуу. Эколог тоолуу аймактарда жана көпчүлүк жашаган жерде жер кыртышы деградацияга учураган дейт.

«Жайыттар талкаланып бүттү. Өсүмдүктөр, керек болсо чөп катмарынан бери талкаланып калды. Көп жерде токой жок болуп баратат. Катуу жаан жаап, көп өлчөмдө түшкөн суу төмөн көздөй келип жатат. Жаратылышта суу эң жаратуучу да, эң талкалоочу да күч экенин эске алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө тоолуу аймактарда, өзгөчө бийик тоолордо тоо-кен ишмердигине кеңири жол берип койдук. Мындайча айтканда казылбаган кокту-колот, жылга-жыбыт калбай эле калды. Интенсивдүү, көп өлчөмдө жааган жаанга аралашып, ошонун баары катуу агым болуп төмөнкү зоналарга чейин түшүп, баарын талкалап жатат», — деп түшүндүрдү Аккулов. 

Ал селдин келип чыгуусуна кендердин интенсивдүү казылуусу да таасир берип жатканын баса белгилеп, анын кесепетинен 40-50 жылда мөңгүлөрдөн да кол жууп калуу коркунучу бар экенин билдирди.

«Өз ишмердигибиз менен тоо экосистемаларын талкалап, тоо-кен казабыз деп мөңгүлөрдүн эришине түздөн-түз таасир этип жатабыз. Бийик тоо алкактарында кум, шагыл, топурак, көмүр, алтын жана башка элементтерди алабыз деп бүтүндөй бир масштабдуу тоо-кен казууга жол берип койдук. Ар убак бийлигибиздин "тоо-кен өнөр жайы — Кыргызстандын экономикасынын локомотиви" дегени өтө жаңылыш экенин түшүнүшүбүз керек. Мындан убактылуу пайда табышыбыз мүмкүн, бирок экологияны талкалоо менен экономиканы көтөрөм деген өзүн эч качан актабайт. Жакынкы жылдары эле мунун кесепетин сезебиз», — деди эколог.

Табигый кырсыктар, анын ичинде селдин алдын алуу үчун Аккулов мөңгүлөрдүн этегиндеги тоолордун жогорку алкактарында өсүмдүк дүйнөсүн, токойлорду көбөйтүүгө атайын мамлекеттик чоң программа, концепция керек экенин айтты. 

Ошондой эле ал буга чейин экология багытында жакшы долбоорлор башталып, бирок максатына жетпей бүтүп калып жатканына нааразы. 

Ал токойлорду тиккенден кийин анын андан ары жашап кетүүсү үчүн жергиликтүү бийликке, тийиштүү мамлекеттик органдарга, тийиштүү тараптарга жоопкерчиликти жүктөө керектигине токтолду. 

«Биз "тоо экосистемаларын сактайбыз" деп БУУдан бери көңүлдү бурдуруп жатабыз, бирок буга окшогон акциялар пиарга, фотосессияга окшоп эле бүтүп калып жатат. Кызматтар жөн гана колдонулбашы шарт. "Бул жерде туруп тур, анан чоңойтуп же алмаштырып жиберебиз" деген саясат болбошу керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Аккулов.

Өлкөдө июндун башынан бери адам өмүрүн алган сел бир нече жолу катталды. 24-июнда Баткендин Кадамжай районунда сел 5 жашар баланы агызып кеткен, 1000ге жакын тургун эвакуацияланган.

Ал эми Ноокаттагы селде кеминде 10 адам набыт болсо, ошол эле аптада Кара-Кулжада сел жүрүп бир үйдөн төрт адамдын өмүрүн алды.

ӨКМдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы 20-апрелден 1-июлга чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашкан