Минкабда тоютка коркунуч жараткан алтыгана бадалы менен күрөшүү маселеси талкууланды

8-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчили менен тикенектүү жапайы алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жыйын өттү.

Мекеменин маалыматына ылайык, өлкөдө жайыттын жалпы аянты 9,2 млн гектарды түзөт, анын 472 миң гектары Суусамыр өрөөнүндө.

«Акыркы жылдары алтыгана бадалы өскөн жердин аянты 800 гектарга көбөйгөн. Адистердин белгилөөсүндө, тикенектүү жапайы алтыгана бадалы өскөн жайыт жерде, тоют чөбүнүн айрым түрлөрүнүн жоголуусуна алып келүүдө» — дешти Минкабдан.

Буга байланыштуу Жапаров Айыл чарба министрлигине, Экология министрлигине, Улуттук илимдер академиясына жана башка мамлекеттик мекеменин жетекчилерине тапшырмаларды берди.