«Киши колдуу болгон». Дары ичип каза болду делген келиндин жакындары акыйкаттык издейт

Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон 26 жаштагы Айтурган Маматкулованын жакындары келин өз өмүрүн кыйды дегенге ишенбейт. 

Маркумдун энеси Айтургандын «денеси көгала экенин, желке тушунда ур-токмоктун белгиси» болгонун айтып, күйөө баласынан шек санап жатканын айтууда. Бул тууралуу Т-Медиа басылмасы жазып чыкты.

Оштун тургуну Айтурган Маматкулова 7-июль түнү Бишкек шаарындагы №4 ооруканада көз жумган. Медициналык мекемеден Маматкулова түнкү 00:30 чамасында оор абалда түшкөнүн билдиришкен. Каза болгон келиндин кайын журту ал дары ичип алып, ооруканага түшкөнүн айткан.

Маркумдун энеси журналисттерге маек куруп, «кызым киши колдуу болду, күйөө балам эле талуу жерине уруп койду» деген пикирин билдирди.

Ал эми маркумдун жеңеси Айтурган мурда да «күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып келгенин» айтып берген.

Маркумдун кайын-журту эмне дейт?

Маматкулованын кайнатасы кудаларынын сөзүн четке кагып, соттук медициналык экспертиза дайындалып, окуяны Бишкек милициясы териштиргенин айтууда.

«Эгер токмоктон каза болгондо, Бишкекте эле камап койбойт беле. Бизге караганда Бишкектики өйдө турат го. Болгондо да соттук медэкспертиза жүргүзүптүр. Урса милиция “бара бер үка” деп бетинен өөп коймок беле?» — деген кайнатасы.

Бишкек шаардык милициясынан «Клооптун» журналистине окуя Ленин РИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын маалымдашты.

Алгачкы корутундуда «уулануу, өз жанын кыюу, жүрөк-кан тамырдын курч жетишсиздиги» деген диагноз жазылганын белгилеп, кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Аялдарга карата зордук-зомбулук

2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 177 өлкөнүн ичинен 95-орунду ээлеп, экинчи жыл катары менен Борбор Азиядагы аялдар үчүн кооптуу өлкө деп табылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 8340 кылмыш иши козголгон — бул 2022-жылга караганда 3159 ишке көп.

Улуттук статистикалык комитеттин отчётуна таянсак, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны 2021-жылга чейин алты жылда дээрлик үч эсеге өскөн. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — 96% — аялдар.

Ал эми дайыма кайталанган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги адамы же мурдагы өнөктөшү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.