Абактагы журналисттердин камерасын тинтүү: Адвокат прокуратурага арыз жазды

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы

Temirov Live долбоорунун тергөө абагында отурган төрт журналистинин жактоочусу Улан Сейитбеков Башкы прокуратура, Акыйкатчы институту жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна арыз берди.

Буга чейин ал «Клоопко» Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекееванын камерасы тинтилип, сотко кийип келген «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жазуусу бар футболкалары күчтөп алынганын ырастаган.

Жактоочу Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү мындай аракети менен абактагылардын укугун одоно бузганын, анткени «аларда тыюу салынган эч нерсе жок экенин» баса белгилеген.

Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 кызматкери 16-январда кармалган. Тогузуна «башаламандыкка чакыруу» боюнча, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаровго ошол чакырыкты «уюштуруу» айыбы тагылган. Кийин сот айрымдарын тил кат менен үй камагына чыгарган.