Жалал-Абад: Жар көчүп, эки наристе каза болду

8-июлда Жалал-Абад шаарынын Барпы көчөсүндө жар көчүп, эки наристени басып калды. Маалыматты «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык наристенин бири төрт, экинчиси эки жашта болгон.

Балдарды көчкүдөн тургундар алып чыккан, бирок алар ооруканага жетпей чарчап калган.

Териштирүү иши уланууда. Жаратылыш кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.