Бажы кызматына кылмыш иштерин тергөө ыйгарымы кайтарылды

Бул мыйзамга 9-июлда президент Садыр Жапаров кол койду. Эми бажы органдары «Экономикалык аткезчилик», «Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу» жана «КР бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча тергөө жүргүзө алат.

Минкаб демилгелеген бул мыйзамды ЖК депутаттары 5-июнда кабыл алышкан. Минкаб Кыргызстандын укук коргоо органдарын реформалоо концепциясы тергөө жүргүзүү боюнча бажы органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу бөлүгүндө өзүн актаган жок деп белгилеген.

Бажы кызматы тергөө функциясына ээ болуп турган кезде бажы иши тармагында жасалган бардык кылмыштарды иликтегени белгиленген. Анда орду толтурулган зыяндын суммасы жалпы зыяндын суммасынан 90-98%ды түзүп турган.