Салиха жана Мухаммад — Быйыл жарым жылда ымыркайларга ушул ысымдар көп коюлган

Санарип министрлиги 2024-жылдын алты айында ымыркайларга эң көп коюлган ысымдардын тизмеси менен бөлүштү. Чүрпөлөргө эң эле көп коюлган ысымдардын арасынан кыздар үчүн Салиха, балдар үчүн Мухаммад болгон.

Бул убакыт аралыгында дээрлик 70 миң бала төрөлгөн, алардын ичинен 33 миңден ашууну — кыздар, 35 миңден көбү — балдар.

Салиха жана Мухаммад ысымдары 2023-жылы да эң көп коюлган ысымдар болгон.