Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигити — Афтандил Сабырбековдун кармалганын тастыктады. Kaktus.media ал баңгизатын жасоого жана таратууга шектелип кармалганын жазды.

Алагөзовдун маалыматына ылайык, шектүүнүн башкы максаты — өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды табуу болгон.

«Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат», — деди Алагөзов.

Буга чейин президенттин карындашы Лаззат Нургожоеванын жигити тик учак менен келип колун сураган. Бул үчүн ӨКМдин тик учагы ижарага алынып, маареке шаан-шөкөт менен өткөн.

Видео жарыяланган күндүн эртеси Жапаров карындашы үчүн элден кечирим сураган.