УКМК телеканалдардын биринин журналисттерин акча опузалоого шектеп кармады

УКМКОшол эле кезде, УКМКнын маалыматына ылайык, айрым кабарчылар рейд учурунда тартылган видеоматериалдарды кийин айдоочуларды шантаж кылып, опузалап акча талап кылуу үчүн колдонушат.

Алсак, мамкомитет өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.Т.М. шантаж жана коркутуу жолу менен мамкызматкерден анын катышуусундагы видеону өчүрүү үчүн акча талап кылышканын маалымдады.

«Ошол эле учурда, алар өз аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн андан алардын алдында карыздык милдеттенмеси бар экендиги тууралуу тил кат жазып берүүгө мажбурлап, унаасын күрөө катары мыйзамсыз ээлеп алышкан. 9-июлда аталган адамдар 2000 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын өткөрүп жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдирди УКМК.