Талас: Эки айылдын тургундары жол меселеси боюнча акцияга чыкты

Сүрөт: «Азаттык» 

9-июлда Талас облустук акимчилигинин алдына Нылды жана Сары-Булак айылынын тургундары жол көйгөйүн чечип берүүнү талап кылып акция уюштурду. Маалыматты «Клоопко» президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы тастыктады.

Акциянын катышуучулары Талас — Нылды — Покровка жолуна асфальт төшөө иши башталып, бир чакырымы оңдолгон соң токтоп калганына нааразы болушту.

«Облус жетекчисинин биринчи орун басары Талантбек Эдилов чогулган эл менен жолугуп, аталган жолго асфальт төшөө иштери жакын арада улантыларын билдирди», — дешти облустук администрациядан.

Талас шаарынан Нылды айылына чейинки жолдун узундугу 11 чакырым. 2020-жылы анын бир чакырымына асфальт төшөлүп, өткөн жылы анын үч чакырымы бүткөрүлгөн. Ошондой эле быйыл дагы бир чакырымына асфальт төшөлдү.

Буга чейин «ПолитКлиника» басылмасы Талас — Нылда — Покровка жолунун начардыгынан жалгыз эски автобустан башка такси каттабай турганы жөнүндө материал даярдаган. Жолдун айынан Нылданын жашоочулары Бакай-Ата, Кара-Буура райондору аркылуу 120 чакырым аралыкты басып өтүүгө аргасыз.