Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү боюнча парламентке кайрылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жолдоду. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, кат парламенттин профилдик комитетине келип түшкөн.

«Мен катты бүгүн эртең менен жумушка келгенде көрдүм. Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз», — деди Султанбекова.

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Садыр Жапаров бийликке келгенде, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдо талкуу жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаевдин бийлиги өлкөдөгү коррупция, бийликти узурпациялоо, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында өткөн тынчтык митингинде жарандарга курал колдонуусу менен эсте калган.

Азыр экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар. Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик коргоо, медициналык тейлөө, акчалай жардам, мамлекеттик дачалардын бири жана башка көптөгөн нерселерди алышат. Мунун баары мамлекеттин эсебинен.