Оштогу базардын көчүрүлүшү: Соодагерлер эмнеден кооптонушууда?

14-июлда адамдардын өмүрүн алган сел шаардын экономикасына да сокку урду. Нөшөрлөгөн жамгырдан Ак-Буура дарыясы нугунан ашып борбордук базарды каптап, соодагерлерге зыян келтирди. 

Бул кырсык шаардык бийликтин базарды көчүрүү чечимин кабыл алуусуна алып келди. Эми соодагерлер жаңы жерге көчкөндө соода болбой калат деп кооптонуп жатышат, ал эми шаар тургундары базарды тарыхый жер катары сактап калууга чакырышууда.

Оштогу борбордук базардын селден кийинки көрүнүшү. Сүрөт: Kloop

Соодагерлердин нааразычылыгы

Сел алган базардын башка жакка көчүрүлөрү тууралуу эң алгач УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев айткан. Ал иш өз көзөмөлүндө экенин белгилеп, шаардын бийлигине базарды көчүрүү үчүн эки ай убакыт берген. 

Мэрия базар шаардын четиндеги Жапалак айылына көчүрүлөрүн кабарлаганда соодагерлер нааразы боло баштаган. 22-июлда Ош мэриясынын имаратынын алдына беш жүздөн ашык соодагер митингге чыгып, базардын көчүрүлүшүнө каршы болгон

Базардагы ишкерлер жаңы жерге көчүп, бир-эки жыл ичинде иш жүрүшүп кеткенче ишкерлер артка кетип калат деп чочулашкан.

Митинг учурунда милиция төрт адамды кармап, бирок профилактикалык иштерден кийин аларды бошоткон. Андан кийин шаарда митинг өткөрүүгө тыюу салынганы маалым болду.

Соодагерлердин нааразычылыгынан улам Оштун мэри Бакыт Жетигенов жаңы базар Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода борборунун маңдайындагы 7 гектар жерге куруларын айткан. Бул жер да шаардын четинде — бирок ал шаар үчүн маанилүү болгон Осмонов көчөсүнөн өтөт. Мэриядагылар аталган жай аймактардын жашоочулары үчүн ыңгайлуу деп эсептешет. 

 Вице-мэр Замир Юсуповдун «Клоопко» билдиришинче, соода борбору болжол менен үч миң орунга ылайык курулат.

«Долбоор боюнча бүт шарттары менен курулат. Айланасынан жолдор ачылат. Ичинде ар бир орун бекер берилет. Биз көчүргөнгө байланыштуу базар муниципалдык болот. Бүт шарттары менен: суусу, канализациясы, свети болот, жарыктандыруу маселеси каралат. Аянты чоң унаа токтотуучу жайлар болот. Азыркы заманга жараша, адам отуруп соода кылганга бүт шарттары менен жасалат», — дейт вице-мэр.

Ал эми эки айда бүтөрү айтылган жаңы базар даяр болгончо соодагерлерге азыркы орундарында иштөөгө уруксат берилген. Укук коргоочу, «Интербилим» уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, бул сунушту мэрияга алар соодагерлердин өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин беришкен. 

«Мэрия "эртеңден баштап жаңы базарга которобуз" дегенде биз каршы болдук. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар сунуштарды бергенбиз. Орундар даяр болгонго чейин которуунун кереги жок, банктар менен сүйлөшүп, кредиттердин мөөнөттөрүн жылдырып бериңиздер, салыктан бошотуп бериңиздер, анткени ишкерлер киреше албай жатышат дегенбиз. Мэрия сунуштарды угуп, колдоду. Анан ишкерлердин өкүлдөрүн чакырып, аларга ыңгайлуу болгон жерге котордук», — деди ал.

Анткен менен соодагерлердин бири Бектур Молдалиев «Клоопко» жаңы базардын жайгашкан жери соодагерлер үчүн да, сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз болуп каларын айтат. 

«Ал жакка көчкөндөн кийин эң биринчи маселе –жол маселеси болот да. Анткени борбордон алысыраак болуп калат. Мисалы, эл бир футболка же бир нерсе алуу үчүн алыс жакка барбайт да. Борбордо “Келечек” базары турат, “ошол жерден эле алганым жакшы” деп ошол жерге эле барат. Же (Борбор Азиядагы эң чоң базарлардын бири) Кара-Суу базарына кетип калышы мүмкүн», — деди ал.

Ошондой эле Молдалиев соодагерлер базарды көчүрүүгө айла жок макул болгонун белгиледи. 

«Тоталдык чечим болуп, күч колдонуу менен гана элди айла жок ынандырды да. Дароо эле агрессия көрсөтүп, көпүрөлөрдү бузуп, чектөө киргизип, бул жактарды ачтырбай койду. Ошенткенде эл айла жок сунушка макул болгонго туура келди», — дейт соодагер.

Оштогу борбордук базардын селден кийинки көрүнүшү. Сүрөт: Kloop

«Тарыхый базардын ордун жоготпошубуз керек» 

Ошту бир нече жыл башкарган мурдагы мэр, депутат Таалайбек Сарыбашов «Клоопко» базардын орду жоголуп кетпеши керектигин белгиледи. Ал базарды улуттук колориттеги этно-базарга айландыруу туура болот деген пикирде. 

«Базарды көчүрүү бир четинен туура эле чечим болуп жатат, сыртка чыкканы деле жакшы. Бирок, биздин Ош базар – тарыхый базар, миңдеген жылдар болду. Мен иштеп турганда да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Проектти даярдап, этно-базар кылабыз дегенбиз. Бул тарыхый базардын ордун биз жоготпошубуз керек. Менин оюм – базардын четиндеги дамбаларды бекемдеп туруп, этно-базар кылуу керек. Туристтер келет, көп коноктор келет», — деди ал. Ош мэриясынан аларда чынында эле базардын ордун колориттүү стилде сактап калуу пландары бар экенин белгилешти. 

Учурда мэрия жаңы базарды куруу иштерин активдүү жүргүзүүдө. Ага канча каражат сарпталары  азырынча белгисиз. Селден кийин Ош мэриясы Ак-Бууранын боюндагы базарда өз алдынча курулган ондогон объектилерди сүрдү, прокуратура алардын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду, ал эми УКМК суу каптоочу жайда курулушка уруксат берген деп шектелген мурдагы чиновниктерди кармады.

Оштогу буга чейинки базар көчүрүү чыры

Бул калаада базар көчүрүлүп жаткан биринчи учур эмес. Былтыр Ош мэриясы ушул эле базардын үстү жагында жайгашкан Тешик-Таш азык-түлүк базарын шаардын сыртындагы Жапалак унаа базарына жакын жерге жылдырган. 

Анда да процесс соодагерлердин нааразычылыктары менен коштолгон. Алар жаңы базардын жолу ыңгайсыз болгондуктан тургундар барбай калышат деп чочулашкан. Ошондой эле сатуучулар мэрия көчүрүлө турган жайда шарттарды түзбөгөнүнө нааразы болушкан.

Тема боюнча: Нааразы соодагерлер, сабалган аял. Оштогу «Тешик-Таш» базарынын айланасындагы чуунун чоо-жайы