Көлбаевдин эжелери президентке кайрылып, апасын үйүнөн ажыратпоону өтүндү

Адвокат Бактыбек Жумашев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эжелери — Айнура жана Айгүл Көлбаевалардын видео кайрылуусун жарыялады.

Президент Садыр Жапаровго, жубайы Айгүлгө жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жолдонгон кайрылууда алар апасы Майя Алиеваны үйүнөн ажыратпоону өтүнүшкөн.

«76 жаштагы апамды неберелери менен көчөгө чыгарып койгону жатышат. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, өзүңүз жогорку трибунадан “ар бирине өзү жашаган үйүн калтырабыз” деп айттыңыз эле. Бирок азыр сот процессинин жүрүшүндө маркум атам 1983-жылы салган үй конфискацияга кеткени жатат», – деген Айнура Көлбаева.

Мындан тышкары алар улгайып калган апасына калган жашоосун өзү көнгөн үйүндө өткөрүүгө мүмкүндүк берүүнү өтүнүшкөн. Кыздарынын айтымында, буга чейин Майя Алиева эки жолу инсульт болгон.

Тергөөчү кримтөбөлдүн апасын мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну сураган. «Акча адалдоо» беренеси боюнча айыпталып жаткан Алиеванын атына жалпысынан 13 кыймылсыз мүлк катталган.

Буга чейин Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев да бийликке кайрылып, апасынын ишин «адилеттүү жана мыйзамдын алкагында» карап берүүнү өтүнгөн.

Камчы Көлбаев Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы эң белгилүү кримтөбөлдөрдүн бири болгон. Аны «мыйзамдагы ууру» деп атап келишкен.

Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда аны кармоо боюнча УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин атайын кызмат анын 1 миллиард долларга бааланган активдери камакка алынганын билдирген. Алардын арасында хансарайлар, батирлер, эс алуу борборлору, ресторандар жана аңчылык кылуучу жерлер болгон.