Олимпиада: Акжол Махмудов коло медаль утту

Бүгүн Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды.

77 килограмм салмакта күч сынашкан балбан алгачкы беттешинде панамерика оюндарынын жеңүүчүсү АКШлык Камар Бейди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде утулуп калган.

Казак балбаны финалга чыккандан кийин, Махмудов көңүл жубатуучу беттешке катышуу укугуна ээ болду. Анда колумбиялык Алексис Муньосту 9:0 эсебинде утуп, коло медаль үчүн азербайжандык спортчу менен күрөштү.

Ушуну менен Париж Олимпиадасынан Кыргызстандын капчыгында үч медаль бар. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков коло, Мээрим Жуманазарова күмүш медал алган.