Олимпиада: Үзүр Жусупбеков да коло медаль жеңди

Кыргызстандык балбан коло медаль үчүн беттеште Африка оюндарынын жана чемпионатынын жеңүүчүсү египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде утту. Акыркы упайды Үзүр алган үчүн коло медалга ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта Париж Олипиадасына катышып жаткан Жусупбеков Кыргызстандын капчыгына төртүнчү медалды алып келди.

Буга чейин Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков коло, Мээрим Жуманазарова күмүш медалга татыган.