«Парламент өзү чечсин» — Жапаров Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу өтүнүчү тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Кыргызстандын биринчи качкын президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайрып берүү өтүнүчү боюнча пикирин билдирди. Буга чейин тиешелүү кат Жогорку Кеңешке келип түшкөнү белгилүү болгон.

Жапаров Акаев бул маселе боюнча аны менен кеңешпегенин белгиледи. Ал Акаевди өткөн жылы февраль айынын ортосунда Дубайда өткөн Кыргызстандын экс-президенттеринин жолугушуусунда көргөнүн айтты.

«Негизи ар бир жаран өзүнүн укугун коргоо үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу. Аны бирөө жарым менен кеңешип олтуруштун же менин макулдугумду алыштын кереги жок», — деди өлкө башчы.

Президент тигил же бул макамды ыйгаруу Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу экенин жана экс-президент макамын алуу жана берүү парламенттин гана милдети экенин эске салды.

«Экс макамын алуу дагы, экс макамын берүү дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албайм», — деди Жапаров.

Ошол эле учурда мамлекет башчы Аскар Акаевдин абалы экс-президент макамынан ажыратылган Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин кырдаалынан айырмаланат деп эсептейт.

«Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен бирге эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин ишинде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм», — деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында президент Акаевге экс-президенттик макам берилсе мамлекеттик бюджетке чоң чыгым деле алып келбей турганын айтты. Мыйзамга ылайык, экс-президенттер мамлекеттин эсебинен өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик коопсуздук, медициналык тейлөө, айлык акы, мамлекеттик дачалардын бирине жана башка көптөгөн нерселерге ээ болушат.

«Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп, атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт. Акаев 80 жашка чыкты. “Өсөрү калган жок, өлөрү калды” дейт эмеспи. Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн-эркин жүрбөйбү», — деди өлкө башчы.

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Акаевдин бийлиги өлкөдөгү коррупция, бийликти узурпациялоо, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында өткөн тынчтык митингинде жарандарга курал колдонуусу менен эсте калган.

Азыр экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар.